"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Маданият-Жалал-Абад жолу каржылоо токтоп калганына байланыштуу оңдолбой турат"

Маданият-Жалал-Абад жолунун кейиштүү абалда экени, 40 жыл мурун курулган жолду оңдойбуз деп талкалап койгонун окурман билдирген. Оңдоп-түзөө иштери эмне себептен токтоп тургандыгы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги жооп берди.

Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) каржылоосу токтоп тургандыгына байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Маданият-Жалал-Абад жолунун оңдоп-түзөө иштери толук жүргүзүлбөй жатат. Буга чейин жолго асфальт төшөө максатында казуу иштери жүргүзүлгөн. Каржылоо токтотулганына карабай учурда оңдоо иштери "АзВирт" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда министрлик аталган банкка тиешелүү талаптарды койду. Жакын арада каржылоого байланыштуу бул маселе чечилет. Транспорт жана жолдор министрлиги жолдогу ыңгайсыздык үчүн Ош-Бишкек жолунун айдоочуларынан кечирим сурайт жана азыркы абал калыбына түшкүчө түшүнүү менен мамиле жасап турууну өтүнөт”, - деп билдирди министрликтин маалымат кызматынын башчысы Кылычбек Досумбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2019-08-28 15:56:58
Бир эки кун ойлонуп жазыпсынарда Тим эле убара болбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан