Кыргыз өлкөсүндө жалпы 16 мектеп урап калуу абалында турат

Бүгүн, 28-августта өкмөт үйүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда кезектеги жыйын өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул тармакка тиешелүү баяндама окуп, айрым көйгөйлөргө токтолду. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө жалпы 16 мектеп урап калуу абалында. Кудайбердиеванын билдиришинче, ведомствонун негизинде ӨКМ жана жергиликтүү бийлик аталган маселени учурда карап жатат.

"Алты мектеп титулдук тизмеге кирди. Калгандары боюнча имарат жаңы салынат же альтернативдүү имарат караштырылат", - деди министр айым жыйындын жүрүшүндө.

Аталган маселе боюнча Тынчтык Инновациялары боюнча Булан институту 2017-жылы "Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык абалдагы мектептер" аталышындагы баяндамасын жарыялаган. Докладда айтылгандай, өлкөдө 2222 мектеп болсо, анын ичинен авариялык абалда тургандардын саны 193 деп көрсөтүлгөн. Алардын арасында мындан 127 жыл мурда курулган мектеп дагы бар. "Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Базарбаев атындагы мектеп 1890-жылы курулган. Кыргыз өлкөсүндөгү мектептердин көбү эскилиги жетти. Мисалы, 32 мектеп 1930-40-жылдары курулуптур. Жалпы мектептердин тең жарымы 1980-жылга чейин салынган", - деп жазылат Булан институтунун изилдөөсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан