Чүй облусунун беш стационардык постторуна камералар орнотулду

Чүй облусунун беш стационардык постторуна видео көзөмөл камералары орнотулду. Камералар Чүй облусунун Киргшёлк, Ленин, Ак-Жол, Военно-Антоновка жана Сосновка айылдардагы стационардык постторуна коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, камераларды орнотуунун максаты - коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо. Видеокамералар бардык посттордун ички жайларын жана тышкы аянтындагы көрүнүштөрдү жаздырып калат.

"Транспорт каражатынын токтогону, документтерди текшерүү жана инспекторлордун бардык аракеттери видеого жазылат. Бардык камералардагы жазуулар ЖКККББнын борбордук мониторунда реалдуу убакытта чагылдырылып, жооптуу кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынат. Жазуулар серверде 30 сутка сакталат. Зарыл болгон учурларда видео тасмалар кайрадан каралат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2019-08-28 15:26:28
Ар бир ГАИшнике камера коюшту эле акча албасын деп.Шакылдатып эле алып атышатго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан