Бишкекте мурда соттолгон жаран чогуу жашаган аялдын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-августта Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы №4 ооруканадан денесинен оор жаракат алган аялдын келип түшкөнү боюнча маалымат түшкөн. Ооруканага барган ыкчам-тергөө тобу аялдын жаракатын көрүп, ал мурда бир канча жолу соттолгон 47 жаштагы С.С. аттуу жаран менен жашаганын аныкташкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен катталган. Ыкчам тергөө тобу издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары С.С. аттуу жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ал эми 23-августта жабырлануучу М.П. эсине келбей каза болгон.