Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин апасы Талика Мискенбаева каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына анын айылдаштары билдирди.
Маалыматка ылайык, Мискенбаевдин апасы кечээ, 27-августта рак оорусунан улам каза болду. Анын сөөгү эртең, 29-августта саат 10:00дө Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылында коюлат.
SUPER.KG порталы Талика Мискенбаеванын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.