
Бишкектеги айрым көчөлөр унаа каттамдары үчүн убактылуу жабылат. Жолдор эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында уюштурулуп жаткан иш-чарага байланыштуу жабыларын Бишкек мэриясынан кабарлашты.
28-августтан 30-августка чейин саат 09:00дөн 11:00гө чейин Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
31-августта саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана кечки 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөрүндө унаа каттамдарына чектөө киргизилет.
Чүй кең көчөсүнүн Тыныстанов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө;
Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө;
Фрунзе көчөсүнүн Панфилов жана Раззаков көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө;
Ошондой эле жогоруда айтылган аймактар менен чектешкен Абдымомунов көчөсү дагы жабык болот.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн мэрия айдоочулардан кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолду табууга чакырат.