Атактуу “Даңазалуу кылым” түрк сериалында Сүмбүл аганын ролун жараткан түркиялык актёр Селим Байрактар кыргыз элин 31-август-Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосун чагылдырган видео социалдык тармактарга тарады. Видео Уфа шаарында өтүп жаткан “Күмүш Акбузат” кинофестивалы учурунда режиссёр Айбек Дайырбеков тарабынан тартылган.
Режиссёр түрк актёрунан Эгемендүүлүк күнүнө карата “Дарак ыры” тасмасынын премьерасы боло турганын экран аркылуу айтып коюуну өтүнгөн. Актёр аталган тасманын премьерасы боло турганын айтып, кыргыз элине дубай салам жолдогон.
"Дарак ыры" тасмасы Уфа шаарында "Күмүш Акбузат" Эл аралык кинофестивалында
Башкортостандын Кинематографисттер уюмунун сыйлыгына татыды.
31-августта Эгемендүүлүк күнүнүн урматына аталган тасма КТРК каналында көрсөтүлөт.