Кыргыз өлкөсүнүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын катышуучулары долбоорлорго кошумча сунуштарын киргизишти. Айтылган сунуштар толукталып, иштелип чыккан соң министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлөт.
"Жеткиликтүү өлкө" программасы алдыдагы 10 жылга карата маанилүү документ болуп саналат. Анда көп тараптуу жана өзгөчөлүккө ээ маселелердин кеңири түрү камтылган. Программа ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго аралаштырууга, инклюзивдик билим берүүнү киргизүүгө, инфратүзүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана медициналык-социалдык экспертизаны реформалоого шарт түзөт", - деди вице-премьер-министр.
Ал кошумчалагандай, бул тема боюнча кийинки жыйын көчмө түрүндө өтүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Бишкекте түзүлгөн шарттарга мониторинг жүргүзүлмөкчү.