Президентке "Аль Бавани Ко ЛТДнын" аткаруучу директору компаниянын Кыргыз мамлекетинин ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берди

Бүгүн, 28-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз мамлекети чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Фахер Аль Шаваф мамлекет башчысына компаниянын Кыргыз мамлекетинин ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Ал "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан