Оштогу Кытайдын Башкы консулдугу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдырахманов менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анда Ду Дэвэнь ушул жылдын 28-августунан баштап Оштогу Башкы консулдук ишин убактылуу токтотконун айтты. Мындай чечим Кытайдын башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ишмердүүлүгүн оптимизациялоо үчүн кабыл алынган.
Мындан ары консулдук кызматтарды Бишкектеги Кытай Эл Республикасынын элчилиги көрсөтөт.