2-3-сентябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы орун алат. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунун өрөөнүндө күндүз +19… +24°, Талас облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн +17… +22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +23… +28°, тоо этектеринде +19… +24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +15… +20°, тоолуу райондордо +9… +14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз +3… +8° жылуу болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.