Чычкан суусуна агып кеткен беш жашар баланын жансыз денеси табылды

Токтогул районундагы Чычкан суусуна 5 жашар бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-август күнү болгон.

"Окуя Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында, тактап айтканда, Ак-Көл тилкесинде болгон. Анда 5 жаштагы А.Д. аттуу бала сууга түшүп кеткен. Кырсык боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, ӨКМдан 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган. Алар баланын жансыз денесин саат 18:10 чамасында суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан