Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жансыз денеси табылган кыздын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон кыз 25 жаштагы К.К. Ал батирде жашачу жана такси кызматтарынын биринде айдоочу болуп иштечү.
Буга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат жазылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз жанын кыйган. Анткени кыздын денесинде эч кандай көк ала тактар болгон эмес. Маркумдун жансыз денесин экспертиза жасоого алып кетишкен.