Мамлекеттик ишмерлер Төрөбай Кулатов жана Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 31-август Кыргыз өлкөсүнүн Көз карандысыздык күнүнө карата бир катар аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Алардын ичинде өлкөгө салым кошуп кеткен көзү өткөн инсандар дагы бар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

"Мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылыктуу даражасы ыйгарылды", - деп жазылат маалыматта.

Бул эки инсанга тең аталган сыйлык алар көзү өтүп кеткенден кийин берилди. Белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгеси Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, колдоого алынганы менен аталган сыйлык бүгүнкү күнгө чейин берилбей келген.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатов Улуу Ата Мекендик согуштун оор күндөрүндө тылдагы түйшүктү эл менен бирге көтөргөн. Ал өзүнүн жөнөкөй мүнөзү, кара кылды как жарган калыстыгы, эмгекчилдиги менен эл эсинде калган инсан.

Соңку жолу мындай эң жогорку артыкчылык даражасы президенттик кызматка киришүү аземинде Сооронбай Жээнбеков тарабынан Алмазбек Атамбаевге ыйгарыла тургандыгы убадаланган.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" сыйлыгы буга чейин кимдерге берилгенин билгиңиз келсе, тизмени ушул шилтемеден табасыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2019-08-29 14:42:52
Сооронбай Атамбаевтин аркасынан келип бычак сайып кетти го.
-2
Mister-X
2019-08-29 15:03:31
zhaku2017,Атамбаев озу кобуно бычак сайган.
Озу ал киши бычак сая турган адам.
+1
Flowhive
2019-08-29 15:29:01
Эми ал кишилерди жамандагым жок... Эгер ошол наамга татыктуу болушканда СССРдин убагында эле алышмак.наамдардын бир да кадыр баркы жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан