Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Эгемендүүлүк күнүнүн урматына көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтүүдө. Жарым финалда алгачкылардан болуп, “Бакубат” жана “Алкан-Ата” командалары күч сынашып, жыйынтыгында “Бакубат” командасы 1:9 эсебинде жеңишке ээ болду.
Бүгүн, 29-августта биринчи Лигада “Жаш Күч” жана “Ак-Суу” командалары ойнойт. Ал эми Жогорку Лигада “Ынтымак” командасы менен "Сары-Өзөн” командасы жана “Кара-Буура” менен “Достук” командаларынын мелдеш талаасында оюн көрсөтүүсү күтүлүп жатат.