Сакиш каймана аты менен таанылган актриса, куудул Айнура Турганбаева "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылды. Гастролдо жүргөндө сыйлык алганын айткан куудул буларга токтолду.
"Учурда Таласта гастролдоп жүрөм. Бүгүн, 29-августта эртең менен министрликтен чалып, сыйлык тууралуу айтышты. Андан кийин кесиптештерим куттуктап баштады.
Сыйлык алуу үчүн документтерди эбак эле тапшыргам. Бирок дал ушул жылы, ушул күнү берилип калат деп ойлогон эмесмин. Албетте, кубанып да, толкунданып да жатам", - деди ал.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сыйлык алгандардын тизмесин жарыялады. Сыйлык 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшырылды.
Жамал Сейдакматова, актриса - II даражадагы "Манас" ордени;
Самарбүбү Токтакунова, комузчу, педагог - II даражадагы "Манас" ордени;
Кубатбек Жусубалиев, жазуучу - Эл жазуучусу;
Карбалас Бакиров, акын - Кыргыз Эл акыны;
Абдыжапар Эгембердиев, акын - Кыргыз Эл акыны;
Калича Сейдалиева, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти - Кыргыз Эл артисти;
Рашбек Асанов, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти - Кыргыз Эл артисти;
Сатылган Осмонов, "Композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композитор - Кыргыз Эл артисти;
Дүйшөн Жолчуев, скульптор, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү;
Эгемберди Талипов, Ош мамлекеттик университетинин музыкалык аспаптар жана ырдоо кафедрасынын доцентти, обончу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Манас Кожомжаров, ырчы - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Мамыралы Эшбаев, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери;
Жеңишбек Ысманов, опера ырчысы - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Жоробек Аралбаев, театр жана кино артисти, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.
Мындан тышкары, маданият, адабият, илим, билим, юридика, экономика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, спорт жана дагы бир катар тармактарда иштегендер II-III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" орден-медалы, наамдар, Ардак Грамота менен сыйланышты.
Жалпысынан 167 адам мамлекеттик наамга, сыйлыкка ээ болушту.