Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Эгемендүүлүк күнүнө карата Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу өтүүдө. Бүгүн, 29-августта биринчи Лигадагы жарым финалда Баткен облусунун “Жаш Күч” жана Чүй облусунун “Ак Суу” командалары бет келишип, жыйынтыгында “Жаш-Күч” командасы “Ак-Суу” командасынан 4:2 эсебинде утулуп калды.
“Ак-Суу” командасындагы 4 упайды Айбек Рамис уулу, Мирлан Алсеитов, Бакыт Жолдошбек уулу жана Айбек Чолпонкуловдор алып келди.