Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы болуп өттү.
Аталган айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты.
Казак акындары:
1.Айнур Турсунбаева
2.Алтынбек Ибрагимов
3.Балгынбек Имаш
4.Биржан Байту
5.Жандарбек Булгаков
6.Мухтар Ниязов
7.Сырым Ауезхан
8.Нурлан Эсенкулов.
Кыргыз акындары:
1. Жеңишбек Жумакадыр
2. Азамат Болгонбаев
3. Асылбек Маратов,
4. Амантай Кутманалиев
5. Жылдызбек Төрөканов
6. Баян Акматов
7. Эламан Келдибеков
8. Шайлообек Отунчиев
Чүчү-кулак ташталып, акындар жуптарга бөлүнүп бүйүр кызыткан айтыш курушту.
Алгачкы жуп болгон Жеңишбек Жумакадыр менен Балгынбек Имаш элдин маанайын көтөрүп, кызыктуу айтыш курушту. Алгач эле сахнадан көп көрүнбөй калган Жеңишбек Жумакадыр "калыстар тобу мени тандоо турунан эле өткөрбөй койчу эле" деп сөз кыйытты. Ошондой эле ал казактар эч качан кыргыздар болуп кош байге сайбасын дагы айтып өттү. Ал эми өз кезегинде Балгынбек Имаш байгелердин башы болсун деп өзүнүн күмүш шакегин Жумакадырга белек кылды.
Ал эми кеченин эң мыкты айтышы, бул сүрмө топтун ичинде жалгыз ак куу болгон Айнур Турсунбаева менен азыркынын Барпы Алыкулову аталган Эламан Келдибековдун айтышы болду. Алгач эле атаандашынын сулуулугуна суктанып баштаган Келдибеков, айтыштын аягында Айнур Турсунбаеванын кызына куда түшүп ырын аяктады.
Натыйжада, финалга Жеңишбек Жумакадыр Балгынбек Имаш, Асылбек Маратов, Мухтар Ниязов, Эламан Келдибеков, Айнур Турсынбаева, Азамат Болгонбаев жана Жандарбек Булгаков өттү.
Айтыштын финалы 31-августта өтөт.