Жалал-Абад шаарынын мэринин бир тууганы Абдималик Тагаев кызматтан бошотулду

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы болуп 21-августта дайындалган Абдималик Тагаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койгон. Абдималик Тагаев кечээ, 28-август күнү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Абдималик Тагаев мэр Мураталы Тагаевдин аталаш бир тууганы. Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылдан бери иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2019-08-29 21:24:30
Улууну коруп кичуу осот дегендей. Ажону коруп биз деле ушундай кылып королу дештида бечаралар
+2
zamir_kgz
2019-08-31 07:17:27
gute,Хм - бечара де?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан