Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манасбек Арабаевдин үй камагындагы мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.
Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.
Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.
2-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" каналында "Көлөкө" аталышындагы журналисттик иликтөө көрсөтүлгөн. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтылган.
Репортажда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин суракта экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаевага карата берген көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.