"Жылытуу мезгилине эки ай калганына карабастан, ар бир жетекчинин экономика тармактарын жана республиканын калкын энергетикалык системге кыйла көп күч келген кышкы мезгилден туруктуу өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча позициясы так аныкталышы керек", - деп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын 27-августуна карата абал боюнча Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16,9 миллиард метр кубду түздү. Токтогул суу сактагычына суунун топтолуу агымы 2019-жылдын сугат мезгилинде орточо жылдык көлөмдүн 86 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Демек, ГЭСтер менен жылуулук электр станцияларынын ортосунда электр энергиясын карап чыгууну бөлүштүрүү маселесин кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл.
Кубатбек Боронов бөлүштүрүүчү электр компанияларынын айрым жетекчилери электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттери боюнча өкмөттүн тапшырмасын аткарууга талаптагыдай көңүл бурбай жатышканына басым жасады.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр энергетика ишканаларынын жетекчилери аткарылуучу оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүн эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Финансы министрлигине "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы менен бирдикте бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан пайдаланган электр энергиясы үчүн карызды толук көлөмдө төлөөнү камсыздоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.