Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчысы облус жетекчилеринин көңүлүн инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү, ирригация жана таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин кыйла терең иштеп чыгуу иштерин күчөтүү керектигин айтты.
"Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көп учурда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай, демилге көтөрүшпөй, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатышканын көрүп келебиз. Аймактардагы жарандарыбыз өздөрүнүн эң актуалдуу маселелерин чечүүдө көбүнесе жергиликтүү бийликтин көңүлүнөн тышкары калышууда. Айрым учурларда ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, мэрлердин, акимдердин ортосунда өз ара аракеттешүү жок. Буга жол бербөө керек. Силер жөнгө салынган жана ыкчам ишти камсыздоого тийишсиңер. Мындан тигил же бул аймактын бакубатчылыгы, социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши көз каранды. Аймактардагы эң олуттуу маселелерди силерден башка ким көтөрүп чыгат? Бул маселелерди силерге айткыча күтүп отура бербегиле. Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар. Жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү максатында биз жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү ыйгарым укуктарды берүүнү улантып жатабыз. Өкмөт аймактарды өнүктүрүү боюнча чаралардын топтомун ишке ашырууда. Акыркы жылдары аймактарда рекорддук сандагы социалдык объектилер курулду жана курулуп жатат. Инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, жеңилдетилген насыялоо боюнча бир кыйла каражаттар бөлүнүп, өндүрүштөр ишке берилүүдө. Бул масштабдуу иште силердин демилгелериңер өзгөчө мааниге ээ", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.