Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайды кабыл алды.
Мамлекет башчысы Жейми Флайды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Жолугушууда сөз эркиндигин бекемдөө чаралары, демократиялык коомду курууда ММКнын ролу тууралуу пикир алмашуу болду.
"Кыргыз мамлекети демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору баалайт, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар. Сөз эркиндигин бекемдөө күчтүү жана ачык жарандык коомду куруунун, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы негиздеринин бири. Медиа өкүлдөрү да өз ишине, сөзгө, адам тагдырына жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек", - деди президент.
"Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосунун" президенти Кыргыз өлкөсүндөгү оң маанайдагы демократиялык процесстерди, ачыктыктын деңгээлин жана сөз эркиндигин канааттануу менен белгиледи.
Ал "Азаттык" радиосунун өлкөдөгү ийгиликтүү ишмердиги ачыктык жана ММКлар үчүн түзүлгөн шарттар менен камсыздалганын кошумчалады.