Интернетке көк бөрү оюнуна күйөрмандык кылган баланын видеосу жарыяланды. Анда, көк бөрү боюнча командалар ортосундагы беттеш жыйынтыкталгандан кийин баланын өңгүрөп ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Ал эми анын жанында отургандар баланы сооротуу үчүн "Ыйлаба, кийинкисинде утат" дешкен. Ыйы менен интернет "жылдызына" айланган бала "Сары-Өзөн" командасына күйөрмандык кылган.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу 28-августта башталган. Ал эми кечээ, 29-августта Жогорку Лиганын жарым финалында Таластын “Ынтымак” командасы Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 4:2 эсебинде утуп, финалдык оюндарга жолдомо алган.