Чүйдүн Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү колониясында Эгемендүүлүк күнүнө карата "Сармерден" оюну болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 30-августта болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй тигилип, эт бышырылды.
"Эки топко бөлүнгөн катышуучулар табышмак, жаңылмач, кыргыздын улуттук ыр-бийин аткарышты. Майрамдык салтанатты алып баруучу Анара Шаимкулова, продюсер жана актриса Ырыс Жоомартова алып барышса, ырчы Кенже Кубатова өзүнүн аткаруусундагы ырларын тартуулады. Оюндун аягында бардык катышуучуларга грамота жана белектер тапшырылды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.