Бишкекте Жибек Жолу менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу жеринен күбө SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 30-августта саат 17:50 чамасында катталган. Анда Daewoo Matiz унаасы менен маршруттук такси кырсыкка учураган. Жабыркагандар жок. Жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштеп жатат.