Энергетика тармагын келечектүү өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өттү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тармагын келечектүү өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Кубатбек Боронов белгилегендей, учурда "Улуттук энергетикалык холдингдин" алдында энергетика тутумунун туруктуу ишин камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер турат. "Алардын бири туунду энергетика компанияларынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Бул башкаруу реформаларын иштеп чыгуу жана өткөрүү аркылуу гана жетишилет. Бүгүнкү күндө алынган насыялар боюнча төлөмдөр, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык компаниялардын негизги каражаттарын жаңылоо, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди ишке ашыруу маселелери курч турат", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ал баса белгилегендей, акыркы мезгилде энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу деңгээлинде ыкчам, кесиптик негиздүү чараларды көрүүнү талап кылган бир топ маселелер топтолду.

"Энергетика тармагындагы негизги маселелердин бири электр энергиясын жоготуулардын жогорку деңгээли болуп саналат", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Жыйында энергетика тармагындагы актуалдуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча дагы талкуу болду.

"Биз эскирген жабдууларды жаңылоо менен жаңы кубаттуу энергия булактарын куруубуз керек", - деди биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asash
2019-08-31 10:17:34
Энергетика тармагына канчалаган, акча жумашлы, а тольку, дагы да ошол эле корунуш, биринчи ошол акча каражаттын инвестиция кылаардан мурун ойлонуш керек болчу, план менен иш алып барыш керек болчу, мынча акча, мобунча жерине кетти, дагы мына жерлерин оношубуз керек деп, не зависимо бийлик, премьер министр, окмот алмашканына карабай ошондой принцип болуш керек эле,азыр келген акчанын жарымын жеп, жарымын жумшап жок кылышты,эгер, сарамжалдуу , туура пайдаланганыбызда энергетика тармагын, экспортт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан