Зейнура Руслан кызы 2006-жылы туулган. Ал 29-августтан 30-августка караган түнү Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин Чүй ОИИББинен маалымдады.
Маалыматка ылайык, Зейнуранын 46 жаштагы апасы, Нарын облусунун тургуну кечээ милиция бөлүмүнө кызын табышууну өтүнүп кайрылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан Зейнура Нарын облусунда ата-энеси менен жашай тургандыгы белгилүү болду. Ал 23-августта жаңы окуу жылына зарыл болгон буюмдарды алуу үчүн Бишкек шаарына келген. Сокулук РИИБи сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70 номерлерине билдирүү жасоону өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.
Зейнура Руслан кызынын өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара, узун, көзү күрөң. Ошол күнү ак футболка, кара түстөгү жынсы шым кийип жүргөн.