30-31-августта Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын 7 миңден ашуун кызматкерлери ишке тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
Анда айтылгандай, ички иштер органдарынын атайын кызматтары тарабынан укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
Аймактарда, бардык ички иштер органдарында майрамга карата саптык кароо өткөрүлдү.
"Майрамдык иш-чара өтүүчү жерлер ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып, коомдук–коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлөт жана өзгөчө маанилүү объектилер коргоого алынат. Адаттагыдай эле, ушул күндөрү майрамдык иш-чара өткөрүлүүчү жайлар, жарандар топтолгон жерлер милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыздалынат. Майрам өткөрүлүүчү жерлерден жарандар көзөмөлдөн өткөрүү пункттарынан өткөрүлөт, ал жактан темир издөөчү детекторлор менен текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, так жана сак болуусун эскертет. Шектүү буюмдарды байкап калсаңыздар өз убагында жакынкы милиция кызматкерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз. Ошондой эле, Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен карап, кайдыгер мамиле кылбооңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, майрамга байланыштуу Бишкекте убактылуу жабылган жолдордун тизмесин жарыяланды.
Саат 8:00дөн түшкү 12:00гө чейин жана кечки 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү автоунаа каттоочу көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Алар:
-Чүй кең көчөсү - Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
-Киев көчөсү - Эркиндик бульварынан-Логвиненко көчөсүнө чейин;
-Фрунзе көчөсү - Панфилов көчөсүнөн - Раззаков көчөсүнө чейин;
Ошондой эле, Абдымомунов көчөсүнө дагы чектөөлөр киргизилет.