Сокулукта кичи автобус 2 жаштагы кызды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткендиги маалымдалды

Чүйдүн Сокулук районунда 2 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 30-август күнү саат 12:30 чамасында Сокулук айылында ак түстө деп божомолдонгон кичи автобус 2 жаштагы кызды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бактыга жараша кыз аман калган. Ал бети-башы сыйрылып, аймактык ооруканага жеткирилген.

"Бул окуя боюнча маалымат келип түшкөндөн кийин облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы, Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан кызды сүзүп кетти деген унаа аныкталды. Ал окуя болгон жерден алыс эмес жердеги видеокамерага түшүп калган. Саат 16:00гө жакын 26 жаштагы айдоочу кармалып, Сокулук райондук тергөө башкармалыгына жеткирилди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып аянтчасына токтотулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Leilek91
2019-08-31 14:01:16
Мына камеранын пайдасы
0
adiaza
2019-09-01 01:44:52
Мен да магазиндин жанына машинамды токтотуп койсом биролор сузуп кетишиптир парковкадан магазиндин камерасына тушуп калыптыр номерине чейин сузгон киши ГАИ аркылу таптырдым камера болбогондо билинбей калмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан