Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы бала бычакталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-август күнү саат 17:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Каныкей" соода борборунун жанында орун алган. Анда Жалал-Абад шаарынын 13 жаштагы тургуну А.А. аттуу баланы бейтааныш 18-20 жаштардагы бала көкүрөгүнүн сол тарабына бычак менен сайып жиберген.
"Окуянын кесепетинен жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жабырлануучу баланын абалы учурда жакшы. Жарааты анча оор эмес. Ал эми шектүү бала кармалып, кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.