Бишкекте Эгемендик майрамындагы иш-чарада адашып калган балдар ата-энелерине кайтарылды

Бишкек шаардык милициясы бүгүн, 31-августта майрамдык салтанат белгиленип жаткан учурда адашып калган балдарды ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан салтанатта 3 жаштагы 2 бала адашып калган. Шаардык милиция алардын ата-энесин таап, кайтарып беришти.

"Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерди майрамдык кечеде балдарын кароодо кылдат болууга чакырат. Балаңызды жоготуп алсаңыз дароо жакын жердеги милиция бөлүмүнө кайрылыңыздар же 102 номерине чалыңыздар", - деп жазат шаардык милиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан