Бүгүн, 31-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" эс алуу жайынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, ал жактагы тоонун боорундагы кургак чөп өрттөнгөн.
Өрт өчүрүү кызматына тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 14:55 чамасында келип түшкөн. Саат 18:30га карата өрт өчө элек.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 бөлүм, 15 куткаруучу, Токой чарба агенттигинен 10 адам, айыл аймактан 30 адам тартылды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.