Бүгүн, 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы болуп өттү. Аталган айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты.
Финалга:
1. Жеңишбек Жумакадыр
2. Азамат Болгонбаев
3. Асылбек Маратов
4. Эламан Келдибеков
5. Айнур Турсунбаева
6. Балгынбек Имаш
7. Мухтар Ниязов
8. Жандарбек Булгаков
баштаган мыкты акындар чыккан.
8 акын чүчү кулак тартышып жуптарга бөлүнүп, тилдерин таңдайга такылдатып айтышты башташты. Айтыштын жүрүшүндө эки элдин төкмөлөрү ооздорунан сөздөрү куюла, айтышып элдин черин жазышты.
Айтыштын 1-күнү кыраң элдин маанайын көтөрүп, залды шаңга бөлөгөн Эламан Келдибеков атаандашы Мухтар Ниязовго татыктуу жооп кайтара албай аксады. Ал эми Кыргыз-Казак эли бирдей тааныган Балгынбек Имаш да комузда кол ойноткону менен мурдагыдай айтыша албады.
Ал эми айтыштан тыш болсо да саясий абалды, атка минерлерди, сатылган жерлерди ачылган кендерди ырдаган Жеңишбек Жумакадырды эл кыйкырык сүрөөн менен коштоду. Акын 20-жылдан кийин гана өзүнө кез келип отурган Айнур Турсунбаева менен болгон айтышы кеченин көркүн ачты.
Жыйынтыгында, кош баш байгени Айнура Турсунбаева менен Жеңишбек Жумакадыр, 1-орунду Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаков, 2-орунду Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов ал эми 3-орунду Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаш алышты.