Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө уюштурулган майрамдык салтанаттын кечки бөлүгү башталды

Бүгүн, 31-августта саат 20:00дө Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында майрамдын кечки бөлүгү башталды. Салтанаттуу кечеде шаар тургундарын кыргыз эстрада жылдыздары куттуктап, обон созушат. Алар Саламат Садыкова, Арсен, Толгонай, Бек Исраилов, Асель Кадырбекова, Мирбек Атабеков жана башка көптөгөн көрүнүктүү ырчылар.

Майрам саат 22:00дө майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат. Буга чейин саат 10:00дө шаардын борборундагы аянтта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан