Дароо тазалай башташты. Майрамдан кийинки "Ала-Тоо" аянты (сүрөт)

Эгемендүүлүк күнүнүн урматына арналып Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган концерт жыйынтыкталды. Иш-чара аяктары менен аянтка "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана унаалары келип тазалоо иштерин баштады.

Учурда аянтты таштандылардан арылтуу иштери кызуу жүрүүдө.

Быйыл Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында белгиленди. Бишкектин борбордук аянтында театрлаштырылган иш-чара уюштурулду.

Иш-чарадан кийин аянттан канча көлөмдөгү таштанды чыгары жыйноо иштеринен кийин белгилүү болот.

Былтыр 2018-жылы майрамдык иш-чарадан кийин, аянттан 10 тоннадан ашык таштанды чогултулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekturbek
2019-09-01 03:08:54
Биз тазалыкты сактабайт экенбиз! Анан кантип башкалардан тазалыкты талап кылабыз? Биринчи өзүбүз таза болойлу!анан жогорку жактагылар таза болот!
+7
zhumagul89
2019-09-01 06:01:46
Тазалык жакшы иштейт,куроосун баары озубуздо да,
+2
Skarlett-Skarlett
2019-09-01 21:28:49
Мамалакты аяп кеттим.Качан малга окшобой калат экенбиз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан