29-августтан 30-августка караган түнү Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз делинген 2006-жылы туулган Зейнура Руслан кызы Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен маалымдады.
"Жоголгон кыз Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан 31-августта 05:00 чамаларында Бишкекте аман-эсен табылган. Кыз классташы менен туугандарына айтпай Бишкекке сейилдегени чыгып кеткенин айткан.
Азыркы учурда кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди. Милиция кызматкерлери ата-энеси жана кыз менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүздү", - деп жазылат маалыматта.