"Ала-Арча" эс алуучу жайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Бүгүн, 1-сентябрда саат 13:03тө толугу менен өрт өчүрүлгөн. Кургак чөптөн тутанган өрт 30 гектарга жакын жерди каптаган.
Тилсиз жоо 31-августта тутанып, аны өчүрүүгө 332 куткаруучу тартылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 287-беренеси ("Токойду жок кылуу же зыян келтирүү") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.