Бишкекте болгон жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Окурман унаанын бири оодарылып калган дейт

Кечээ, 1-сентябрда саат 16:30 чамасында Бишкектеги Месароша-Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык болду. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Фольксваген Туарег унаасынын айдоочусу Мазда-6 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

"Машиналар айып аянтчасына токтотулду. Топтолгон материалдар териштирүүгө жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Бул кырсыктын видеосу менен окурман "Элдик кабарга" бөлүштү. "Кырсыктан улам унаанын бири тескери оодарылып калыптыр", - деп жазды окурман.

Жол кырсыгынан унаа оодарылып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Paprikafm
2019-09-02 12:00:54
Супер инфо, Буга чейин ош бишкек жолунда жол кырсыгына кабылып бир уй булоо каза болгон, кече 2 бмб кагылышып анда бир уй булоо жок болду, ушулар боюнча кенениреек маалымат алып бергилечи, бул жакта журогубуз сыгылып ыйладык тааныбасак да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан