Чүй облусунун Аламүдүн районунан эркек киши тоодон кулап түшүп, жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-сентябрь күнү болгон. Анда М.Э. аттуу эркек киши тоодон кулап түшүп, жаракат алганы тууралуу ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, жабыркаган жаранга биринчи жардам көрсөтүлгөн соң "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Бул окуяга 5 куткаруучу тартылган.