Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 1-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунда болгон. Анда Кубакы ашуусунда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун чекесиндеги бордюрду сүзгөн. Натыйжада 3 адам ар кандай жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жеринде 4 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан