Токмокто 3 бала сабалып, ооруканага түштү. Шектүүлөрдүн экөө кармалып, бири кармала элек

Токмокто 3 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-августта Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө балдардын мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер билдирүү боюнча эч нерсе тапкан эмес. Андан соң маалыматты сураштырган кызматкерлер аймактык ооруканада бул окуя боюнча 3 бала жатканын такташкан. Ооруканага барган кызматкерлер 3 бала денесинен ар кандай жаракаттарды алышканын көрүшкөн. Ошондой эле алар 25-август күнү кабарды өздөрү билдиришкенин айтышкан. Алар 24-август күнү саат 23:40 чамасында Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз балдар тарабынан сабалганын айтып беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган.

Бул факты боюнча издөө иштеринде шектүү катары эки жаран кармалган. Алар 25 жаштагы К.Э. жана К.Ф. Шектүү жарандардын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгышкан. Учурда милиция кызматкерлери 3-шектүүнү кармоо боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан