Жогорку Кеңештин комитетинде 70 айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде 70 айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Ага ылайык, аталган облустардын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилет. Эгерде долбоор ишке ашырылса, 146 миӊ адам жашаган 70 айыл таза суу менен камсыз болот. Кыргыз тарап да 10 миллион доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан