Бишкекте 25 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, төртүнчү кабаттан секирди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 07:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына белгисиз кыз Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен секиргенге аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
"Өз жанын кыюуга аракет кылган кыз 25 жаштагы А.Г. болгон. Ал көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирген. Ошол замат кызды "Тез жардам" кызматы Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кеткен. Учурда кыз ооруканада. Абалы туруктуу. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.