Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери мектепке жакын жолдордо жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда бардык облустарда билим күнү белгиленүүдө. Аны менен катар Жалал-Абад облусунда дагы майрам өтүүдө. Учурда жол кыймылынын бардык кызматкерлерине өспүрүмдөрдөн түзүлгөн "жол кыймылынын жаш инспекторлору" аталган командалар жардам көрсөтүүдө. Алардын ичинде ушул жылдын август айында Казакстандын Караганда шаарында болуп өткөн "жол кыймылынын жаш инспекторлору" республикалык 19-слетунда байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылып келген команда дагы бар.