Канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясы Кыргыз өкмөтү менен болгон жаңы келишимдин негизинде 16 миң гектар аймакта чалгындоо иштерин жүргүзөт. Аталган аймак "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна жакын жерде жайгашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков айтты.
"2009-жылдагы келишим боюнча "Кумтөргө" 26 миң гектар жер кошумча бөлүнүп берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт ал жерди 10 миңге азайткан. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча ошол 2009-жылкы келишимдин негизинде "Кумтөргө" 16 миң гектар берилди. Ошол кошумча берилген 26 миң гектар жер менен Кыргыз өлкөсүнүн "Центеррадагы" акциясынын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүлгөн. Чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт",- деди ал.