Кыргыз өлкөсүндө "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругунда илбирс эң көп байырлайт

Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат—Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилген деген маалымат Азаттыкта чыкты. Буга "Кыргыз алтын" ишканасы чалгындоо иштери ал корукта жүрбөйт деп жооп кайтарды.

2012-жылы "SLT" Эл аралык илбирсти сактоо боюнча Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү "Супер-Инфого" берген маегинде "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругу өлкөнүн илбирс эң көп байырлаган аймагы деп баяндаган. Маектин урунттуу учуруна көңүл бурабыз:

– Жакында эле "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругуна комиссия менен болгон сапар жигердүү болдубу?
– Кыргызстандагы илбирс эң көп байырлаган "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругунун маанилүү бөлүгү кен казуучу "Кумтөр" компаниясына геологиялык чалгындоого лицензия аркылуу берилип кеткен. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен барып, ал жерди көрүп келдик. Комиссия ал кадамды мыйзамсыз деп таап, лицензиянын мөөнөтүн ары узартпайт деп терең ишенип, комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Макала толугу менен бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mamiev
2019-09-02 22:55:10
Кудайдан корксонор боло бир аз болсо да. Кудайым сүйгөн пендесине чоң кызматты берет эл жери үчүн иштесин деп. Акча учун эмнелерге кана макул болбойсунар акмактар. Жооп бере турган кунунор бар. Байлык кен калбай кала турган болду го
+2
Jaznura
2019-09-03 08:56:10
Соз болуп жаткан корукту чалгындоого 2009-жылы уруксат берилип, келишим тузулгон экен. ОШондо кимдер мамлекетти жетектеп турду эле?
+3
altyn-kumush
2019-09-03 09:16:20
Бул келишимге ошол учурда ким кол койгон болсо мына ошол адамдар жооп бериш керек.
+2
Bektur2011
2019-09-03 09:19:52
"Кумтор" алтын каза турган жерде эч кандай илбирс жок. Ал жер корук да эмес. Калп маалымат тараткандан уялгыла туугандар. Азыркы бийликтегилер эл учун куйгон адамдар. Алар эч качан мындай нерсеге жол бербейт
+3
Samatalibei
2019-09-03 15:51:47
Негизги жонокой элди такталбаган ар кандай маалыматтар менен башын айлантпагыла! Тактап билиш керек мумкун чындап эле ошондой мумкун элге жерге зыяны жок! Мындай сунуш барда Кыргызстан эгемендуулук алгандан бери Кен казууга лицензия берген окулдордун Аты жонун жашаган жумуштарын Аты азыркы жашоосун ачыка чыгаргылачы Эл билсинчи алар кимдер кайсы мыйзам менен лицензия берген Супер инфо силерден сураныч маалымат чогултуп жалпы элге жарыялап койсонор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан