Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, Тажик чек арачылары эскертүү катарында асманга ок атышты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылына жакын жердеги Ак-Сай дарыясынын жээгинен Кыргыз жарандары унаага майда таш жүктөп жатышкан. Бул арада жээктин аркы өйүзүнө Тажик чек арачылары келип, 3 жолу асманга ок атышкан.
"Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп билдирет Чек ара кызматы.