Депутат: "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн келечеги кең"

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн келечеги кең. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

Жакында эле аталган багытта мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө кирген. Демилгечи депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты, энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык, уюштуруучулук укук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартуу болуп эсептелет. Бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда энергетика субъекттеринин укуктарын, милдеттерин аныктоо жана тактоо болуп саналат.

“Ага ылайык, кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу аркылуу, энергетикалык коопсуздукту гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсүн да камсыздай алабыз. Андыктан аны ары ишке ашыруу чараларын толук карап чыгуубуз кажет”, – дейт депутат Экмат Байбакпаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан