Өкмөткө караштуу мекемелер аралык ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөткө караштуу мекемелер аралык ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

"Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды. Бирок бойго жеткендер тарабынан жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны көбөйгөн. Бул олуттуу маселелерди жаратууда. Мындай абалды деталдуу талдоо жана эмне үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, кылмыштардын саны өсүп жатканын түшүнүү кажет. Бул тартылган министрликтер жана мекемелер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук түрдө аткарбай жаткандыгын айтып турат. Балдардын коопсуздугу маселеси райондордун жана облустардын жетекчилеринин жумушчу кеңешмелеринин күн тартибине туруктуу негизде киргизилиши керек", - дейт Өмүрбекова.

Кеңешменин жүрүшүндө Ички иштер министрлиги балдар, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун абалы 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында балдарга карата жасалган кылмыштар жана балдардын коопсуздугун камсыздоо чаралары тууралуу талдоону сунушташты.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасын киргизүү ишин тездетүү, катаал мамиле кылуу жана зомбулук көрсөтүүнү аныктоо максатында 5 жашка чейинки балдарды медициналык кароодон туруктуу өткөрүү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан